"Эркин-Тоо"
Иш-жума

МЕКЕНИБИЗДЕ ТЫНЧТЫК, ЭЛИБИЗДЕ БЕЙПИЛДИК ӨКҮМ СҮРСҮН!

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен кесип ээлерин куттуктады. Куттуктоодо: “Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин майтарылбас курч мүнөзү, Ата Мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздайт. Бул өзгөчө кыргызтажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяларда башка күч түзүмдөрү менен бирге сиздердин кызматкерлердин каармандыктарынан даана көрүндү. Демек, Ата Мекен менен эл-журттун бейпил турмушу жана бейкапар жашоосу сиздердин тыкыр аракетиңиздерден көз каранды. Мекенибиздин алдындагы ардактуу кызматыңыздарды албан ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер коштосун! Кыргызстаныбызда тынчтык, элибизде бейпилдик өкүм сүрсүн!” деп айтылат.