"Эркин-Тоо"
Иш-жума

ТЫШКЫ САЯСАТТА ТЫНЫГУУ ЖОК

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-декабрда Токио шаарында Япониянын тышкы иштер министри Е.Хаяси менен «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду мындан ары да бекемдөө үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу зарыл экени айтылды. Министр Ж.Кулубаев кыргыз тарап соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин айтып, экологиялык таза продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи. Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары Кыргызстандын жана Япониянын тышкы иштер министрликтеринин 2023-2025-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюшту.