Ушул эле күнү Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия + Япония» диалогунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 9-жыйынына катышуу алкагында Япониянын Премьер-министри Ф.Кисиданын Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен болгон жамааттык жолугушуусуна катышты. Министр Ж.Кулубаев Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана каалоотилектерин жеткирип, Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында жолугушуу уюштуруунун символикалуулугун белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан Японияны ар дайым жакын дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары карап келгенин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү үчүн жетиштүү потенциалы бар экенине көңүлүн бурду. Өз кезегинде Ф.Кисида глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, энергетика, экология жана азыктүлүк тармагында эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

