Өткөн жуманын аягында Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында фельдшердик-акушердик пункт, мечит, балдар бакчасына кошумча имаратты камтыган комплекс пайдаланууга берилди. Комплекс заманбап эмеректер менен жабдылып, жарандарга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ачылыш аземге Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, «Ассанабилл» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын Жалал-Абад облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү К.Нусубалиев, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаев, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган долбоор Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы тарабынан каржыланган. Курулуш иштерине 15 млн сомго жакын каражат жумшалган. Айыл өкмөт тарабынан 1 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, ал тосмолорго жана таман таштарды басууга кеткен.

