"Эркин-Тоо"
Пресс

САКТЫКТА КОРДУК ЖОК

Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жаңы жыл майрамынын алдында алдын ала түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулукту алдын алуу максатында мал базарларда, эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле кышкы оюн-зоокторду уюштурууда, тоодон жылгаяк тебүүдө этият болууну эскертишти. Ал эми Тогуз-Торо милициясы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жаңы жылга жакын өрт коопсуздугун сактоону, соода жайларында пиротехникалык каражаттардын сатылуусун көзөмөлгө алышты. Жалал-Абад шаардык милициясынын кызматкерлери №1 кесиптик лецейдин студенттери менен жолугушту. Жолугушууда рекетчилик, талап-тоноочулук, уурулук, зордуктоо оор кылмыш экени айтылып, топтошуп мушташуунун арты жамандык менен аяктай тургандыгын эскертишти. Ал эми кыз балдарга өзүнчө лекция окулуп, эрте турмуш куруудан карманып, түн ичинде көчөгө чыкпоо керектиги айтылды.