"Эркин-Тоо"
Пресс

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНИН ИЙГИЛИГИ

Кыргызстанда спорттун олимпиадалык түрлөрүн бекемдөөгө басым жасалат. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага чейин Кыргызстандын спорт тармагына 60 миллион сомго жакын каражат тартылат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Анын айтымында Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети спорттун 14 түрү боюнча жалпы суммасы 23,9 миллион сомго 20 долбоорду ишке киргизген. Бул комитет үчүн жакшы көрсөткүч. Анткени, 2017-жылдан 2021-жылга чейин 30 программа гана ишке ашырылган.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы