Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму январдын аягында өтөт. Мындай кабарды Президенттин маалымат кызматы жарыялады. Аталган форум Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш-чаралардын башаты экени айтылды. Кылымдын залкарын эскерүүгө үлкөндөр келээри, тизменин сап башында Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө. Чыкебизди эскерүүгө дүйнөлүк үлкөн лидерлер келсе да жарашат да, туурабы?

