"Эркин-Тоо"
Пресс

Исхак Раззаковго Төраганын зыяраты

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев 1-апрелде мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун үймузейине барды.

Бул үйдө Исхак Раззаков өзү 1950 – 1961-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турганда жашаган. Музейде анын өмүр жолун чагылдырган баалуу маалыматтар, архивдик материалдар, колдонгон буюмдары жана эмеректери сакталган. Музейден Исхак Раззаковдун өзү жазган күндөлүгүн да көрүүгө болот. Төрага маданий жайга мамлекеттик ишмердин портретин белек кылып, Ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды. Музей 2005-жылы улуу инсандын 85 жылдыгына карата ачылган.