"Эркин-Тоо"
Пресс

Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт

Баш калаадагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо талапкерлигин койгондордун саны 9га жетти (8 эркек, бир аял). Маалыматты БШКдан тастыкташты. Бул шайлоо тилкесинен талапкерлерди каттоо 27-апрелде аяктаса, бүйүр кызыткан аламан жарыш 28-майда өтөт. Бул сапар Ленин районундагы шайлоочулар жаңылбай, татыктуу талапкерди алдыга таптап чыгарышарына тилектешпиз. Саяпкер – шайлоочулар өздөрү болсо, татыктуу күлүк да марага ташыркабай келет эмеспи.