Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2023-жылдын 6-апрелинде Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачич менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар кыргыз-серб кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, Жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды кайра жандандыруу жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара тыгыз аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Министр Кулубаев эки өлкө айыл чарба, туризм, гидроэнергетика, автомобиль жана кайра иштетүү өнөр жайы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар багытында кызматташса максаттуу болорлугун айтты.
Өз кезегинде И.Дачич Кыргызстан менен Сербия достук мамиледеги өлкөлөр экенин белгилеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактары менен бирге, эки тарапты тең кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө практикалык кызматташууга өтүү зарылдыгына токтолду.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Сербиянын тышкы иштер министрлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстан менен Сербиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык Программасына жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Тышкы иштер министри Ивица Дачич Министр Жээнбек Кулубаевди Сербия Республикасына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

