Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, «Каркыра» көзөмөл-өткөрмө бекети 1-апрелден тартып кайрадан иштей баштайт.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан «Каркыра» бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. «Каркыра» бекети 08:00 баштап 18:00 чейин иштейт. Казакстанга жолго чыккандар казак тараптагы эпидемиологиялык абалды жана чет өлкөлүктөргө киргизилген чектөөлөрдү эске алышы талап кылынат. Бекет 2020-жылдын 1-декабрында жабылган.