Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) республикабыздагы ЖОЖдордун алдыңкы сабында турган окуу жайы катары жумурай-журтка жакшы таанымал. Жыл сайын университетке окууну каалоочулардын саны өсүүдө. Окуу жайдын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Айзат Таласбаеванын билдирүүсү боюнча быйыл 7321 абитуриент университетте билим алуу үчүн ат салышты. Сынактан өткөн 1300 абитуриент «Манас» университетинин студенти болушат.
Жаштар арасында аброю бийик «Манас» университетине кабыл алуу экзамендери ачык жана адилет өтүүсү үчүн Университеттин жетекчилиги кабыл алуу экзамендерин өтө жоопкерчилик менен өткөрүүгө өзгөчө маани берет. 7321 абитуриенттерди сынактан өткөрүү үчүн 227 сынак бөлмөлөрү даярдалып, сынак учурунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана 1-проректор Бактыгүл Каламбекова аудиторияларды кыдырып чыгышты. Ошондой эле абитуриенттердин ата-энелери жана жакындары менен маектешип, алардын суроолоруна жооп берди.
Ректор Алпаслан Жейлан «Анадолу» агенттиги менен ТРТ Аваз телеканалына берген маегинде кирүү сынактары тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди: «Баарыңыздарга белгилүү болгондой «Манас» университети дүйнөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын катарында жыл сайын жогорку деңгээлге көтөрүлүп жатат. Мындан улам университетибизге кирүүнү каалаоочулар да көп. Быйыл 10 миңге жакын абитуриент «Манас» университетинде окуу үчүн катталды. Биздин максатыбыз Кыргызстанга, Түркияга ошондой эле жалпы түрк дүйнөсүнө кызмат кыла турган жаштарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу болуп саналат».
Экзамен толук компьютердик тестирлөө аркылуу өтүп, эч ким аралаша албайт. Сынакты ийгиликтүү тапшыргандар гана КТМУда студент боло алат. Абитуриентттердин кирүү сынагына адамдык фактордун таасири жок. Компьютер автоматтык түрдө тесттин жыйынтыгын чыгарып берет. КТМУда ЖРТдан жогорку балл алган абитуриенттердин ичинен мыктыларды тандап алуу үчүн кайрадан өзүнүн сынагын өткөрүү салтка айланган. Бул университетте мыктылардын мыктысы билим алат дегендик.
«Манас» университети студенттерге акысыз билим берген жалгыз университет. Ага кошумча Кыргыз-Түрк «Манас» университети эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң мыкты 1000 ЖОЖдун катарында QS2024 дүйнөлүк университеттер рейтингине кирген.
Бегим ТУРДАЛИЕВА