"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Мектеп менен министрликтин чыры дале бүтө элек

Эсиңиздерде болсо өткөн окуу жылынын аягында Токмоктогу “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплексинин 84 бүтүрүүчүсүнө аттестат берилбей,  алардын ата-энелери жана мектеп жетекчилиги аттестат чырынан улам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге  чейин кайрылуу жасашкан.  Билим берүү жана илим министрлиги болсо Токмоктогу “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплекси күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат боюнча тиешелүү документтери болбогондуктан ушундай жагдай түзүлгөндүгүн билдирип окуучулардын 11-классты аяктагандыгы тууралуу аттестатын берүүдөн баш тарткан. Ал эми мектеп жетекчилиги болсо  тийиштүү документтер бар экендигин айтып  жактоочу  жалдаганга чейин берган.  Айтор мектеп менен министрликтин ортосунда түзүлгөн жагдайдан анын окуучуларынын жана алардын ата-энелерин бир топ эле убайымга салган.  Анткени  Билим берүү жана илим министрлиги аттестат ала албай жаткан 84 окуучуга мамлекеттик мектептерде 11-классты кайрадан окушу керек деген чечим чыгарып берген эле.

Айтор бул маселеге  Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров киришип, окуу жылы аяктаганда мындай  жагдайдын түзүлүшүнө жол берген жооптуу адамдарга карата чара көрүүнү тийиштүү мекемелерге жана укук коргоо органдарына тапшырган. Ал эми бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык  аттестат берүү чечимин кабыл алган. Маселе ошону менен чечилмек. Бирок, кечээ  84 бүтүрүүчүнүн ата-энеси кайрадан Акыйкатчыга кайрылышты.  Алар аттестаттары кеч берилген бүтүрүүчүлөр ЖРТнын жыйынтыгы боюнча окууга өткөн ЖОЖдорго кабыл алынбай жаткандыгын айтышкан. Буга алар аттестатты кеч алып, ЖРТ боюнча окууга тапшыруунун жыйынтыгы чыккан убакта документ тапшырбаганы себеп болгонун билдиришти.

Мындан улам, ата-энелер жана мектеп жетекчилиги балдардын укугун коргоп берүүнү талап кылууда. Акыйткатчы институту азыркы тапта Билим берүү министрлигине бул маселе боюнча расмий кайрылды.  Бул “Чубактын кунундай” чубалган маселеде чындыгында Билим берүү жана илим министрлигине суроо көп.  Эмне үчүн министрлик мектептин документтери  жок экендигин билип туруп, ушул жылдын апрель айында окуучуларды ЖТРга  катыштыруу укугун берген?  Эгер мектептин документтери туура эмес болсо эмне үчүн  ошондо эле балдарды башка мектептерге которуу боюнча маселе көтөрүлгөн эмес? Мектеп чыры боюнча түзүлгөн атайын комиссия кандай жыйынтык чыгарган? Жогорку окуу жайга тапшыруу укугунан ажырап, Конституциялык укугу бузулган балдардын келечеги үчүн эми ким жоопкер болот?