"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда бир жумада 18 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстандын аймагында 28-августтан 3-сентябрга чейинки аралыкта 17 миң 749 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) билдиришти.

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 98 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.