Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2023-жылдын январь-август айларында 158 млрд. 25,9 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 2,1 млрд. сомго ашыгы менен аткарылган.
МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,1 млрд. сомго көп жыйналган.
Чогулган сумманын 116 млрд. 551,7 млн. сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд. 474,2 млн. сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.
Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу салыктык башкаруу системасына инновациялык ыкмаларды киргизүү да өз салымын кошту.
Мындан тышкары, экономиканын ар кайсы тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү бизнести көмүскөдөн чыгарууга жана салык чогултуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзгөн.