Ошто абакка баңгизат киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ТИЗО-5ке азык-түлүк жеткирип келген Р. М.М. аттуу жаран текшерүүгө алынып, тамак-аш азыктарынын арасынан өзгөчө жыты бар оролгон таңгак табылып алынган. Кармалган заттын жалпы салмагы (болжолдуу гашиш) болжол менен 1 кг түзгөн.
Кармалган жаран Ош шаарынын тургуну Р.М.М. жеке такси иши менен алектенерин жана аны Ош шаарынын ТИЗО-5ке азык-түлүк жеткирүү үчүн белгисиз адамдар жалдаганын түшүндүрдү.
Чогултулган материалдар иликтөө жана текшерүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
ЖАК бардык жарандарга тамак-аш азыктарын жана башка буюмдарды пенитенциардык мекемелерге жеткирүү жана өткөрүп берүү менен байланышкан ар кандай шектүү өтүнүчтөрдөн сак болууга чакырат.

