"Эркин-Тоо"
Коом

Чүйдө 8 жетекчи ээлеген кызматына татыктуу эмес деп табылды

Чүй облусундагы район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо соңуна чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан маалымдашты.
Аттестациялоого жалпысынан 21 жетекчи катышып, анын ичинен 3 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтпөй калган.
Кийинки этап, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен дагы 5 жетекчи «ээлеген ордуна татыктуу эмес» деп табылган. Ошондой эле, 16 талапкер боюнча «ээлеген ордуна туура келет» деген чечим чыгып, кызматынан жогорулатуу, кадрлар резервине алуу чечимине бир да жетекчи ээ болгон эмес.
Аттестациялоочу комиссиянын корутундусу тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Өкмөткө жөнөтүлөт.