Жылдар аралыгында коомдогу өзгөрүүлөр, санариптик жашоого ык коюу жеке эле адамдын жашоо образын, турмуш-тиричилигин өзгөртүп тим болбой, инсандык кулк-мүнөздүн өзгөрүшүнө да жетиштүү деңгээлде өз таасирин тийгизди. Натыйжада ар кандай жаш курактагы адамдар ортосунда муундар арасындагы көз караштардын дал келишпөөчүлүгү келип чыгууда.
Биз жашап жаткан коомдо мындай көрүнүштөр күн сайын кездешип жатканы кимге жашыруун? Мектеп балдары менен мугалимдердин ортосундагы конфликттер, ата-эне менен баланын ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн баары биригип келип аягында коомдун бир тарабын майыштырган көйгөйгө айланары шексиз. Карай келсең ар бир муундун өкүлдөрүнүн өз чындыгы, өз позициясы бар. Басма сөз беттеринде, социалдык тармактарда, жашоодо да көп кездешип, байма-бай айтылып, талкууга алынып турган көйгөйлөрдүн бири дал ушул темада экендигине саресеп салып отуруп, мындай шартта психологдор кандай тыянак чыгарып жатканын изилдеп көрдүк.
“Муундар арасындагы пикир келишпестикке эки тарап тең күнөөлүү эмес” дейт, психолог Барчынай Таникулова. 2000-жылдан бери карай төрөлгөн балдарды жалпысынан Z (зет) муундун өкүлдөрү деп өзгөчөлөнтүп, бөлүп мүнөздөшөт. Бул муунга байланышкан маселенин өзөгү – дал ушул муундун психологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкталып чыккан ырааттуу билим берүү системасынын жоктугу, атайын алардын өзгөчөлүгүн эске алып мамиле жасоонун жолго коюла электигинде. Тескерисинче, ата-эне баш болуп, мугалимдери коштоп: “Сабак билбейт, телефондон башы көтөрүлбөйт!..” деп айгай салуу менен айыгышкан күрөш жүрүп келет. Чындыгында, Z (зет) муун мурунку муундарга салыштырмалуу он эсе акылдуу, жөндөмдүү экендиктерин баса белгилейт психолог Барчынай ТАНИКУЛОВА.
Болгону алар билимди, дүйнөнү биз көргөндөй, биз кабыл алгандай эмес, башкача шартта кабыл алышат. Бул муундун артыкчылыктары көп жана өз кезегинде кемчиликтерден да куру эмес. Булар ата-энеге же мугалимине эмес өз дүйнө таанымына, эркиндигине, укугуна, каалоосуна таянышат. Адам мүнөзүндөгү жасалмалуулукту, чектөөлөрдү кабыл ала алышпайт, виртуалдуу дүйнөдө, IТ тармагында өздөрүн суудагы балыктай эркин сезет. Биздин кыргызча кол көтөрүп же урушуп тилдегенибиз бул муундун түпкү табиятын ынандыра албайт. Тескерисинче мындай учурда чоңдор алар үчүн зордукчул сезилип, ички зор карама-каршылык келип чыгат. Себеби бул муунду ата-эне, мугалимден мурда дүйнө өзү тарбиялоодо. Дүйнө агымы тарбиялап жатат. Изилдөөлөргө таянсак, адатта ата-эне баланы сөз менен тарбиялагысы келет, ал эми сөз адамга болгону 7% гана таасир берет. Ал эми мактоо же урушуу, башкача айтканда эмоция аркылуу таасир этүү 38% таасир этет, ошол эле учурда сүрөт же образ, башкача айтканда көз менен көрүп, туюм менен кабылдоо мээге 55% таасир берет. Демек, Z (зет) муунга таасир этүүдө мезгил талабы алдыга озуп чыгып жатканын тана албайбыз дейт психологдор.
Ата-эне өз баласын түшүнүү үчүн, мугалим өз окуучулары менен бир толкунда болуп, өзү берип жаткан билимдин актуалдуулугуна аларды ынындыруу үчүн эмне кылуу керек деген суроо келип жаралат. “Алар кабылдаган дүйнө агымынан артта калбай, мүмкүн болушунча заманбап технология менен заманбап психологияны өздөштүрүп, мезгил менен тең жарышуу керек. Психологдордун пикиринде алар билген, алар түшүнгөн дүйнө менен толук тааныш болуу – бизди өз балдарыбыздын ички дүйнөсүн түшүнүүгө, аларга жакын болууга, бир теманын айланасында тил табышып пикир алышууга, өз акыл-тажрыйбабыз тууралуу аларга ынанымдуу тил менен жеткирүүгө жакшы жол ачып берет. Демек, тээ мурдакы өз заманын айтып, бул муунду ошол замандын рамкасына салуу аркылуу тарбиялоо менен жакшы жыйынтыкка жетүү оор маселе экенин моюнга алуубуз шарт. Жогоруда, бул муундун артыкчылыктарына жараша, айрым кемчиликтерден да куру эмес экенин белгиледик. Кемчилиги катары – руханий жактан бөксө чоңоюп калышы мүмкүн. Себеби ошол эле гаджеттер дүйнөсү, интернет айдыңында. Балдардагы руханий боштукту толтуруу – азыркы ата-энелердин милдети. Алардын акылын эмес, жан дүйнөсүн толтуруу керек. Балдарды жаратылыш койнуна, тарыхый жайларга алып чыгуу, тоо койнунда эс алуу, ички дүйнөсүн ачып баарлашып, атабабалар тууралуу айтып берүү, балдарга өз колу менен бир нерсе жасоого үйрөтүү сыяктуу ишаракеттер жакшы натыйжа берет.
Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан алынды

