"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Ажымалиев Тимурлан Максатбекович маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Тимурлан Ажымалиев президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотулган.