"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду.

Казакстандын басылмалары маалымдагандай, Борбордук клиникалык ооруканадан Болат Назарбаевдин каза болгондугун тастыкташты.

«2023-жылдын 13-ноябрында саат 09:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин каза болду», — деп айтылат оорукананын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Назарбаев Болат Абишевич 1953-жылы Алматы облусунда туулган.