"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Фейсбук» аркылуу массалык башаламандык уюштурууга чакырган жаран кармалды

Массалык баш аламандык уюштурууга чакырган “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган М.А.Р. кармалды

Издөө иштеринин жүрүшүндө М.А.Р. аттуу жарандын жашаган жеринде 4 даана мобилдик телефон, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылган.

Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.