Кадимки Теңир-Тоонун борбору Нарын шаарында кыш дээрлик 6 айга дейре созулат. Шарты катаал, бийик тоолуу аймактын негизги калаасын Канболот Тутуев ротациянын шарапаты менен соңку 2 жылдан бери башкарууда. Көпчүлүгүбүз борбордо “кайноодобуз” а алыскы аймактагы калаа тургундары кантип күн кечирип жатышат? Эмесе, тоолуу калаанын башчысы бул жагынан жаңылыктарын биз менен бөлүштү.
— Канболот мырза, жыл соңуна чыгып, тогошоор алдына келдик. Узап бараткан жыл Нарын шаары, андагы калаа тургундары үчүн кандай жетишкендиктер менен коштолду?
— 2023-жыл Нарын шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болуп, алдыга койгон иш-максаттарыбызды ишке ашырууга жетиштик. Шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, инфраструктурасын, дегеле жергиликтүү жашоочулардын жашоо турмушун жакшыртууга, келген меймандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди жөнгө салуу боюнча калаабыздын алдыдагы 5 жылга карата өнүгүү планын түзүп, аракеттерди көрүп жатабыз. Бул жыл ичинде пландалган максаттарыбыздын дээрлик бардыгы аткарылды. Мисалы, Нарын шаарынын экономикалык-социалдык тармагында өнүгүүнүн көрсөткүчү 2023-жылы 109,8 пайызды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу өсүш алган. Шаар аймагындагы жалпы өндүрүштүн көлөмү 1 млрд, 32,4 млн сомго жетип, өнөр жай тармагында 17 ишкана ачылып, 246 жаранга жумушчу орун түзүлдү. Нарын шаарындагы курулуш тармагында да жыл ичинде жетишкендиктер орун алды. Мисалы, шаарга мамлекеттик ипотеканын негизинде көп кабаттуу турак жайларды курууга жер аянты бөлүнүп берилип, долбоору даярдалып, жаз айлары менен курулушу башталаары күтүлүүдө. Калаабыздын Москва аймагына бажы кызматкерлери үчүн 32 батирлүү кызматтык турак жай курулду. №9 Абдыкадыр Садыков атындагы 375 орунду орто мектептин жаңы имаратынын курулушу уланып, ишкер Таалайбек Карпековдун каржылоосунда шаарыбызга заманбап сквер салынууда. Калаабыздын борбордук чөлкөмүнө КISB банкынын 4 кабаттуу, Кызыл ай коомунун 3 кабаттуу административдик имараттары курулуп, ЕБРРдин долбоорунун алкагында 6800 метр таза суу, 1800 метр саркынды суу түтүктөрү тартылды. Билим берүү мекемелеринин абалын жакшыртуу багытында республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен К.Жакыпов атындагы орто мектептин, жергиликтүү бюджеттин эсебинен Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин жылуулук тутумдары алмаштырылды.
— Тоолуу аймактагы негизги калаанын “эки тизгин, бир чылбыры” 2 жылга жакын убакыттан бери сиздин колуңузда. Бул аралыкта шаардык казынанын көлөмүн канча пайызга көтөрө алдыңыз?
-Нарын шаарынын жергиликтүү бюджети 2021-жылы 134 млн, 328 миң сомду, 2022-жылы 155 млн, 441 миң сомго жетип, өсүү темпи 115,7%ды түзгөн. 2023-жылы 214 млн, 541 миң сом менен бекитилип, өсүү темпи 138,0 %ды түздү же 59 млн, 100 миң сомго өсүш берген. Жергиликтүү бюджеттин көлөмү кескин өсүп кеткенин себеби, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары көбөйгөндүктөн, киреше салыгынын көлөмү да өскөндүгүнө байланыштуу болууда. Жергиликтүү казынадан көбүнчө айлык маяналар каржыланат. Ал эми шаарды өнүктүрүүгө аз гана каражат калат. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 10,9%ы гана калаабызды өнүктүрүү үчүн жумшалып келет. Ошондуктан, жыл сайын ички жана сырткы инвесторлорду тартуу менен шаардын инфраструктурасын жакшыртуу аракетин көрөбүз. 2023-жылы 22 млн сомго чукул инвестиция тартылды.
— Борбордук бийлик аймактарга кыйла көңүл буруп, кичинекей шаарлардын да майда-барат көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырбай, четинен чечүүдө. Бийликтин көңүлүнөн Теңир-Тоонун борбору да сыртта калбаса керек…
— Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке колдоосу менен шаарыбыздагы ички жолдор оңдолду. Буга чейин ички жолдорубуздун абалына адамдын зээни кейий тургандай, өзгөчө жаан-чачында басууга мүмкүн болбогон көчөлөрүбүз бүгүн асфальтталып, жаркырап калды. Жалпы 28 чакырым 500 метр ички жолдун 11 чакырымы жасалды. Калган бөлүгү жаз мезгили менен улантылат. Президентибиздин тапшырмасына ылайык мамлекеттик ипотеканын негизинде көп кабаттуу турак жай курууну баштап жатабыз. Борбордук Ленин атындагы көчөбүздү толугу менен реконструкциялап, туурасын кеңейтүү пландалып, долбоору даярдалды. Бул иш да өлкө башчыбыздын жеке колдоосу менен жасалганы турат. Жалпы долбоордун сметасы 900, 96 млн сом деп бааланууда.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№99 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 15-декабры

