"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

 Саясий илимдердин кандидаты, доцент, докторант Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ: “Камчыбек ТАШИЕВ саясий аренага улутчул духу аркылуу чыга келген…”

Эртең 20-декабрь кыргыз чекисттеринин кесиптик майрамы. Өлкөбүздүн коопсуздугуна тикелей жоопкер бул органдын даталуу күнүн утурлай, саясат талдоочу, илимдеги ишин дал ушул улуттук кызыкчылыктар, улуттук коопсуздук темаларына арнаган, ушул тармактын ийне-жибине чейин иликтеп жүргөн Чолпонбек Сыдыкбаев менен өлкөбүздүн коопсуздугу канчалык деңгээлде корголгонун билүү максатында маектештик.

— Чолпонбек мырза, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 90%ы чечилгенин шардана кылды. Айтканга оңой болгону менен чычканга кебек алдырбаган тажиктердин атайын кызматы менен сүйлөшүү оор мүнөздө өтсө керек. Бул жагын кандай чечмелейт элеңиз?

— Сурооңо жооп берээрден мурун кичине артка кылчайып, тарыхый экскурс жасай кетүү туура го. Ушул чечилбеген чек ара көйгөйү түпкүлүгүндө бизге СССРден мураска калган баш оору болуп калган. Адатта айрым маселелер убакыттын өтүшү менен актуалдуулугун жоготот. Советтер союзунун аймагында элдин этникалык курамына, географиялык жайгашуусуна жараша жасалма республикалар түзүлгөн, кээ бир республика макамына ээ боло ала турган аймактар атайын автономия макамында кала берген. Бир чети ошондой иштердин бардыгы СССР мамлекетинин кызыкчылыгына карата ыңгайлаштырылган. Ошол эзелки көйгөйлөр канча убакыт өтсө, канча муун алмашса да кайрадан актуалдуулугу, маанилүүлүлүгү артып жатканын, баары айланып келип тигил же бул мамлекеттердин улуттук кызыкчылыгына түздөн- түз байланыштуулугунда. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо, аны Кыргызстандын кызыкчылыктарына шайкеш чечип алууга эн жакшы мүмкүнчүлүк А.Акаевде болгон. 1990-жылдары граждандык согуш болуп, качкындары бизден башпаанек таап, Тажик Республикасында керек болсо мамлекети экиге бөлүнүп кетүү кырдаалына кептелген. Ошондо тажик тарап менен чек ара маселесин толук түрдө, болгондо да 90% биздин кызыкчылыкта чечип алууга болот эле. Керек болсо тажик акыны Гулрухсор Сафиеванын чыгармачылык кечесин филармонияда мамлекеттик деңгээлде өткөрүп (анда мен 2-курстун студенти болчумун), ага качкын болуп бизде жүргөн интеллигенциясы, биздин чыгармачыл чөйрө күчтөп катыштырылган. Акаев ошондо эрк көргөзүп, улуттук кызыкчылыкты бекемдеп алган эмес. Андан кийинки бийликтер деле чек ара маселесин артка жылдырып, “ага чейин хан же мен өлөм же эшек өлөт” дегендей позицияда келишти. Кыргыз тарап коңшу өлкөнүн эрегишкен эки тарабын сүйлөшүүгө отургузуп, элдештирип, алар дагы ааламаттын уланышына чекит койгон. Ал кыргыз дипломатиясынын чон ийгилиги болгон. Аны алар билдиби? Бул жагы чоң суроо. Демек, кыргыз тараптын андагы гуманисттик чебер дипломатиялык кадамдары өзүн актаган жок. Англиянын бир кездеги коргоо, кийин тышкы иштер министри Джон Палмерсондун “биздин түбөлүк союздаштарыбыз да, түбөлүк душмандарыбыз да жок. Болгону биздин туруктуу улуттук кызыкчылыктарыбыз бар” деген учкул сөзү азыр да актуалдуу. Ошол чиеленишкен чек ара түйүнүн чечүү тагдыры, тарыхый миссиясы азыркы бийликке, тагыраагы, Ташиевге туш келди. Балким бул созула берет беле, ким билет?! Чек ара чырында курман болгондорго арналган эстелик мемориалдын ачылышында Камчыбек Ташиев: “Эгер тажик тарап бизге койгон территориядык дооматтарынан баш тартпаса, биз архивден жаңы табылган документтерди жарыялап, Тажикстандын карамагына өтүп кеткен жерлерибизге доомат кылабыз” деди. Көп өтпөй тажик тараптан расмий чакыруу болуп, сүйлөшүү тездеп, тажик тарап менен чек аралар 90% такталды деген билдирүү болду. Кыскасы, муз ордунан жылды. Аныгында, тышкы саясатта кээде ушундай “Ормон опуза” да керек болчу. Бирок, азырынча кандай такталганы ачык маалым боло элек. Келишимдин расмий документтери жарыяланган жок. Ал келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталды деген ишеним бар.

— Атайын кызмат тарабынан улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурган бир катар ички көрүнүштөргө (УКТ, жемкорлук ж.б.) аёсуз күрөш жүрүүдө. Мындай көрүнүш канчалык деңгээлде өзүн актайт деп ойлойсуз?

— Албетте, жемишин берет. Эгер ниет, түпкү максат коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы болсо.

— Жалпылабай, бул жагын чечмелеп көрсөңүз кантет? Маселен, криминалдык коопсуздукту камсыз кылуу Кыргызстанда соңку 30 жылда камсыздалмак тургай, алар менен буга чейинки бийликтер камыр-жумур аралашып кеткени бар. Камчыбек Ташиев башында турган атайын кызматтын “кара дүйнө” өкүлдөрүнө, өзгөчө крим-аталыктарына кыргыйдай тийген кадамдары колдоого эле алаарлык да, туурабы?

— Кылмыш дүйнөсү, жемкорлук кыргыз коому үчүн адаттагы көрүнүш болуп, саясат менен чырмооктой чырмалышып, өлкөнүн күрөө тамырындагы канды соруп келген “каргашалуу жара” эле. Буга чейинки кыргыз бийликтеринин бири да бул экөөнө каршы мынчалык масштабдуу күрөш жарыялаган эмес. Керек болсо өспүрүмдөр арасында “авторитет”, “вор” болом деп кыялданганын айтып калышкан. Ал эми мамлекеттик кызмат жеке кызыкчылыкты көздөөнүн, баюунун бирден-бир жолу катары кабылданып калган. Кандайдыр бир акыйкатсыздык, укук бузуулар боюнча укук коргоо органдарына кайрылгандан көрө кылмыш дүйнөсүнүн “лөктөрүнө” кайрылса адилеттүү жана тез чечип берет деген түшүнүк коомдун бир бөлүгүндө кадимкидей калыптанган. Бизде 30 жылда көмүскө жемкорлук схемалар менен криминал чырмалышып, чайлап-коолап өнүгүп отуруп, эл аралык кылмыштуу синдикаттын деңгээлине өсүп кеткени жашыруун болбой калган. Ушундай шартта “жети баштуу ажыдаарга” аёосуз согуш жарыялоо саясий эрктин белгиси. Буга чейин көп эле саясий лидерлер шайлоолордо ж.б учурларда ушул эки көрүнүшкө чечкиндүү күрөш жарыялайбыз деп убада беришкен. Бирок, ал убадалар бийликке келгенде унутулуп, үстүрт аракеттер менен эле бүтүп калчу. Чынында андан жемкорлор менен криминалдар “быш” деп да койчу эмес. Кыргызда “кагуусу жарашса кийиз казык жерге кириптир” деген жакшы сөз бар. Мамлекеттүүлүк менен кошо бой тирешип, өсүп калган жемкорлук менен криминалга дал бүгүнкүдөй мамиле керек болчу. Албетте, укук коргоо органдарынын көзөмөлү солгундап кетсе “балапан каралар” убакыттын өтүшү менен баш көтөрөт. Бул багытта системдүү аракеттер, профилактикалык иштер улана бериш керек. Жемкорлук менен криминалды коом алдында, мыйзамсыздыктын, ыпластыктын жеткен чеги катары көрсөткөн профилактикалык, идеологиялык иштер да эриш-аркак жүрө бергени маанилүү. Бул багытта түздөн-түз иш алып барган ИИМ бар экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Дал ушул органдын өкүлдөрүнүн айрымдары алар менен көмүскө табакташ болуп, жен ичинен колдоп “тирөөч” болгону үчүн алар өздөрүн ээн жердин бөрүсүндөй сезип, жойлоп жүрүп чоң масштабга көтөрүлүп кеткен. Коопсуздук комитеттин жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичтин “Ормон хандыкындай” опузасы, кийинки чечкиндүү практикалык кадамдары болбосо бизде жемкорлук менен криминал өтө татаалдашып, эгесин тааныбай кеткен.

— Бир курдай атайын кызматтын анабашчыларында улутчулдук духтун болушу өзгөчө маанилүү деп айтканыңыз бар. Азыркы жетекчилик курамдан сиз бир кезде айткан факторду көрө аласызбы?

— Камчыбек Ташиев өзү чоң саясий аренага ошол улутчул духу аркылуу чыга келген. Аны айрымдар учурда “баарына киришип кетти” деген кине коюп жатышат. Ооба, анын саясий жүрүшүндө атайын кызматтын милдеттерине кирбеген жактар бар. Бирок, белгилей кетүүчү жагдай, ал УКМКнын гана башчысы эмес, күч түзүмдөрүнүн да куратору. Демек, укук коргоо, кылмыштуулукка каршы аракет кылуу, мониторинг жасоо иштеринин баары анын ыйгарым укуктарына кирет. Арийне, айрым укук коргоо органдары ошону кылган эмес, кылса да баарын “чөп башылап”, үстүрт кылышкан. Маселен, сойкуканаларды канча жылдардан бери ИИМдин таасирдүү адамдары көмүскөдөн коргоп, колдоп келет деген каңшаарлар бар болчу. Алар формалдуу рейддерди уюштурчу, кай бирлерин ачыкташчу, иш козгошчу. А бирок, атайын рейддерден кийин баягы иштерин кыла берчү. “Паракорлуктун да, байыркы кесиптин да тамырын түбүнөн кыркам” деп буга чейин эч ким айткан эмес. Албетте, жемкорлукту, байыркы кесипти да 100% тамырын кыркуу мүмкүн эмес. Аны минимизациялоонун өзү чоң утуш. Бул криминалга да тийиштүү. “Жакшы ниет жарым ырыс” дегендей, тигил же бул жетекчиде улуттук духтун болгону, ал улуттук кызыкчылыкка кыянаттык кылбаарына кандайдыр бир деңгээлде кепилдик бар дегенди түшүндүрөт. Эгер ал 2010-жылы айрымдардай болуп аркы өйүздө снайпер шыкаалап турса да каршы (кан көксөгөндөрдү беттеп) барбаса, Ташиевди “Ташиев кылган” образды жарата алмак эмес деп эсептейм. Аныгында оомат күчтүүлөргө оойт. Ошол 2010-жылкы парламенттик шайлоодо дебатта: “Өлкөдө жашаган ким болбосун, кайсы улут болбосун, кыргыздар менен бирге боло алат. Бирок, эч качан кыргыздарга үстөмдүк абалда болбойт” деп так кесе айтканы бар. Дал ушул сөзү жана түштүктөгү июнь коогалаңындагы кадамдары ага калдайган электоратты, урмат-сыйды алып келген.

— Улуттук коопсуздукту коргоодо экологиялык коопсуздук да маанилүү багыттардын бири экени талашсыз. Бизде коопсуздуктун ушул багыты унутта калган жокпу? Башкасын мисалдатпасак да, бул жагынан баш калаанын ыш каптаган көйгөйүн көзгө тартуу жетиштүү чыгаар…

— Азыр Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө экология актуалдуу көйгөй. Бул жыл өткөн сайын курчуй берет. Глобалдык ысуу, мөңгүлөрдүн азайышы, өнөр жай өндүрүшүнүн үлүшүнүн өсүшү менен абанын булганышы, ушунун баары дүйнө өлкөлөрүнүн баарын түйшүктөнтүп жаткан кез. Ошол эле кыш айларында Бишкекте күчөгөн ыш маселеси. Мунун бары Улуттук илимдер академиясы баш болгон илимий мекемелердин, университеттердин конкреттүү сунушун, долбоорлорун талап кылат. Ошондой илимий жактан негизделген экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштаган демилге, долбоорлор жаралып, ал Өкмөт тарабынан колдоого алынышы керек деп эсептейм. Ушул боюнча натыйжалуу сунуштарын берген илимпоздор болгону менен аларды өкмөттүк деңгээлде колдоо болгон эмес. Ушунчалык уникалдуу сунуштарды берген окумуштуулар болгон. Тилекке каршы окумуштуу академик, президент болсо да андай илимий салмактуу долбоорлор колдоо тапкан эмес. Маселен, УИАнын окумуштуусу Энгелшт Владимир Семёнович “Горения графита” деген долбоорун айтып какшап жүрүп өтүп кетти. Анын илимий ачылышынын мазмуну кадимки Кара-Кече көмүр кенин ачык казып ташыбай, жеринде жер астында шахта куруп, көмүрдү күйгүзүп газга айландырып, андан чыккан газ менен өлкөбүздүн Чүй, Бишкек, Ысык-Көл, Нарын облустарын жылуулук менен камсыздоо мүмкүн экендигин илимий жактан негиздеген. Миндеген километр аралыктан орус газы деле келип жатат. Ага караганда канаатташ жайгашкан үч облусту камтуу чыгымы көп болсо да өзүн актамак. Баарына эле атайын кызмат аралаша бербей өкмөт, тиешелүү структуралар убагында катуу киришсе ыш көйгөйү болмок эмес.

— Дегеле бүгүн биздин улуттук коопсуздугубуз коопсуздуктун маанилүү багыттары боюнча канчалык деңгээлде корголгон?

— Бир аз мурун эле улуттук коопсуздук саясат таануу илиминин бир багыты, изилдөө объектиси деп келгенбиз. Азыр болсо биздин көз алдыбызда илимдин жаңы ары татаал, илимий-аналитиканы талап кылган багыты биздин көз алдыбызда калыптанууда. Ал улуттук кызыкчылыктарга багытталган улуттук коопсуздук илими. Бир катар багыттарды институтционалдаштыруу, жаңыча форматташтыруу менен бирдиктүү илимий аналитикалык борборду түзүү, окумуштууларга тиешелүү шарттарды камсыз кылып туруп конкреттүү, натыйжаны, сунуштарды суроо учурдун талабы. Убагында Сталин менен Берия дал ошондой кылган. Азыр (азыр эле эмес, СССР ыдырагандан бери) илимде чар жайыттык, баш аламандык өкүм сүрүп келет. УКМКнын астында А.Бакаев атындагы кызматкерлердин кесибин жогорулатуу, кайра даярдоо институту бар. Жакында ошол институттун астында УКМКнын академиясын түзүү боюнча пландар болуп жатканын уктум. Бул жакшы көрүнүш, сергек кадам. Атайын кызматтын кызматкерлерин чет жерден бүтүп келгенинин опурталдуу жагы да бар. УКМКнын райондук бөлүмдөрүнүн материалдык техникалык базалары буга чейин болуп көрбөгөндөй чындалып жатат. Оперативдик иштер өзүнөн-өзү жолго коюлат. Ал эми ошол академиянын базасында аналитикалык, стратегиялык изилдөөлөр борбору түзүлүшү, дал ошол жерде коопсуздуктун багыттары боюнча илим-изилдөө иштери жүргүзүлүшү зарыл. Эгемендиктин алгачкы этаптарында НИСИ деп аталган мекеме атайын кызматтын сунушу менен түзүлгөн. Бирок, башында жакшы иштер башталганы менен кийин чар жайыттык, абстрактуу конкретикадан алыс долбоорлор менен алектенген катардагы мекемеге айланып, өзүн актаган жок. Азыркы замандын чакырыктары илим-изилдөө мекемелеринен күчтүү аналитиканы, мобилдүүлүктү болуп көрбөгөндөй жигердүүлүктү талап кылууда. Аталган институт эгер Академияга айланса жоопкерчилик көбөйөт, илим менен практикалык аналитикалык иштерди айкалыштыруу зарылдыгы келип чыгат. Дал ошол жерде  илимий борбордун болушу максатка ылайыктуу жана учурдун кечиктирилгис талабы. Атайын кызматка арканды алыска таштаган стратегиялык аракеттерди камсыз кылган, “чычканга кебек алдырбаган” сактыкты, “ камырдан кыл сууруган” чебердикти камсыз кылган жана прогрессивдүү идеялардын генератору болгон “мозговой центр” жетишпей жаткандай. Албетте бул органдын башкы миссиясы маалыматтарды топтогон, тиешелүү жыйынтыктарды чыгарган жабык мекеме. Бирок, ошол мекемеге кирген маалыматтардын   керексиздери  “оброботка”  болуп ылганып тазаланып, коопсуздандырылып чыгып, тийиштүү жыйынтыктар чыгарылып турушу маанилүү. Образдаштырып айтканда суу кирип кайра фильтрден өтүп организм тазаланып турушу керек. Эгер маалыматты суу катары эсептесек: суу кире берсе агып чыкпай жыйыла берсе ал сазга айланат. Өзгөчө бул мекемеде алешемдиктерге, алабармандыктарга жол берилбеши керек.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№100 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 19-декабры