Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан элге жалпысынан 2020-жылы 31,1 млрд. сом суммасында кредиттер берилген. Микрокредиттерди 707 миңге жакын адам алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Эсептөөлөр боюнча микрокредит алган калктын саны мурунку жылга салыштырганда 13,2 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү — 3,2 пайызга көбөйгөн. 2020-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 33,6 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилсе, 28,2 пайызы — керектөөчүлүк кредиттерине, 10,4 пайызы — соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,1 пайызы — курулушка багытталган.