"Эркин-Тоо"
Кырсык

Казакстанда кыргызстандык жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылды

Казакстандын Караганда – Балхаш трассасында кыргыз номуру тагылган эки жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирДИ.

Кырсык 1-февралда болгон.

ТИМдин билдирүүсүнө таянсак, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик менен болгон окуянын чоо-жайын тактап жатат.

«Казакстандын компетенттүү органдарынын нөөмөт кызматкерлеринин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана оор абалда ооруканага жаткырылган бирөө бар. Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана зарыл болгон учурда жабыркаган Кыргызстандын жарандарына зарыл жардам көрсөтүү иштерин улантат», — деп айтылат маалыматта.