"Эркин-Тоо"
Спорт

Футбол: Россия Европа биринчилигине катышат

Футбол боюнча Россиянын айымдар курама командасы 2022-жылы Англияда өтчү Европа биринчилигне катышууга жолдомо жеңип алды. Россиялык кыздар кечээ Москва шаарында Португалия курамасын кабыл алып, оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Биринчи оюнда россиялыктар 1:0 менен жеңишке жетишкен. Жыйынтыгында Россия курамасы 10 оюндан кийин 24 упай топтоо менен жолдомого жетишти. Эске салсак тандап алуу оюндарына Европадан 48 команда катышып, биринчиликтин финалдык бөлүгүндө ойноого 16 команда укук алды. Айымдар футболу боюнча континенталдык таймашты алгач, быйыл жай айларында өткөрүү каралган болчу. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2022-жылы 6-31-июль күндөрү өткөрүү чечими кабыл алынган.

Жолдомого жетишкен 16 команда: Англия (уюштуруучу өлкө), Германия, Нидерланды, Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Бельгия, Испания, Финляндия, Исландия, Австрия, Италия, Россия, Швейцария, Түндүк Ирландия.