Достукту жана маданий биримдикти даңазалаган Нооруз майрамы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде белгиленди.
Майрамдык иш-чара улуттук ырлар, күүлөрдүн коштоосунда, салттуу жөрөлгөлөр, каада-салт, үрп-адаттар менен уланды.
Иш-чарага “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректорлор, профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, башкы катчы, профессор Октай Өзгүл, декандар, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер жана студенттер күбө болушту.