Орусиялык психологдор жаштардын кетирген каталары тууралуу макала даярдап окурмандарга сунушташыптыр. Алардын орчундуулары төмөндө.
Сүйгөнү менен бирге болууну самашат
Бир көрүп сүйгөн адам менен келечегин элестеткен жаштар көп. Бул жаштыктын чоң катасы. Айрымдар сүйгөнү андан баш тартып жатса да кылчакташат. Психологдор сүйбөгөнгө сүйкөнгөн адамдар келечекте бактысыз болуп калышат,-дешет.
Жок адамды күтүү
Турмушта реалист болгон жакшы. Жаштыкта романтик болосуң жана жок сүйгөнүңдү күтүп жүргөн убактар көп болот. Мурдагы сүйүктүүлөрдү да күтүп күн өткөргөндөр көп. Бул жаштыктын экинчи катасы,-дешет психологдор. Мындай катадан жаштарды убакыт гана ажыратып алат.
Жумушту туура тандоо зарыл
Сабыр кылып, акчасы аз болсо да сүйүктүү кесипти аркалагандар келечекте бакыт табышары аныкталды. Айлык акысы көп, бирок такыр жакпаган жумуштан баш тарта албай жүрө берген жаштар да көп ката кетиришет.
Өтө көп иштөө
Азыркы жаштар өтө көп иштешет. Турмуш бир гана жумуш менен чектелбейт. Баары өз-өз ордунда болот. Убакыт өткөндөн кийин көпчүлүк жаштар, убактыларын офисте эле коротуп алгандарын билишет. Өтө эмгекчилдер досторун, туугандарын жоготушат.
Ден соолук — биринчи байлык!
Туура тамактануу, бетке кам көрүү, дене бойду чыңдоо, активдүү болуу, медициналык кароодон өтүү, дарыгерлердин кеңешин угуу деген түшүнүктөр такыр жаштардан алыс болот. Убакыт өткөндөн кийин гана ден соолукка кам көрбөгөнүңүзгө өкүнүп каласыз.
Сырткы келбетке нааразы болуу
Бардык жаштар негедир сырткы келбетине нааразы болушат. Алар өздөрүн ыңгайсыз сезип, баарын өзгөртүп алгылары келишет. Жаштыктын өзү сулуулук. Муну убакыт өткөндөн кийин гана билесиң. Ар бир учур кымбат.