"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы жанданат

Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат.

“Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт.

Эске салсак,  Жалал-Абад — Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.