"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Садыр Жапаров Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

 Президент Садыр Жапаров 25-июнда Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында падыша Филипп менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров падыша Филиппти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.