Екатеринбургда Кыргызстандын жараны 9 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, аталган жарандын кармалышынын негиздерин жана жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ыкчам түрдө Екатеринбург шаарынын укук коргоо органдары менен байланышкан.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Свердлов облусунун укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Учурда Башкы консулдук Россиянын компетенттүү органдарынан аталган адамдын жеке маалыматтарын жана кармалгандыгы жөнүндө расмий билдирүүнү күтүүдө.