"Эркин-Тоо"
Аймак

«Кербен» аба майданы кеңейтилип, реконструкцияланат

Реконструкция иштерин «Эти Бакыр Терексай» кыргыз-түрк ишканасы ишке ашырмай болууда. Модернизациялоодон өткөндөн кийин бул аба майдан “эл аралык” деген макамга ээ болот. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди. “Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын «Кербен» аба майданын модернизациялоого түз инвестиция салуусу жана менчикти эрежесиз өзгөртүүгө болбой турган, эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуунун жолдору тууралуу талкуу жүрүп жатат. Бул кызматташуунун жыйынтыгында, «Кербен» аба майданы ICAO эл аралык стандартка жооп берген, жакшыртылган жасалма учуп-конуучу тилкеге ээ болмокчу. Оңдоп-түзөөдөн өткөн аба майдан эл аралык макамын алууга мүмкүнчүлүгү болот”,-делет маалыматта.