Бишкек шаарында мурда «Ак-Кула» ат майданы жайгашкан жерде “Роял Сентрал Парк” – турак-жайлар, социалдык объектилер, парк аймактары, бизнес, соода борборлору камтылган комплекс курулат. Комплексти куруп баштоодо мезгил кутусун салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
«Биз 3 миллиардга жакын АКШ долларына бааланган инвестициялык долбоорду ишке ашырууга бел байлап олтурабыз. Мурдагы ат майдан ээлеген аймакка 23 миң батир, 25 миң унаа токтотуу жай, 45 миң чарчы метр эл аралык соода түйүнү, коммерциялык жана кеңсе жайларына арнала турган 55 кабаттуу борбор курулмакчы. Мындан сырткары, мектеп, оорукана, мейманкана баштаган социалдык объектилерди салуу дагы каралган. Болочоктогу шаарчанын аймагына сейил бак, жасалма көл курулуп, жашыл аянтчалар менен көрктөндүрүлөт”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.