Нарын шаардык муниципалдык ишканасы тарабынан эскирген, талапка жооп бербеген, мыйзамсыз жайгаштырылган жарнамалык баннерлер, такталар алынууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Соода жайларынын аталыштарын, анда жайгашкан жарнамаларды, мекеме-ишканалардын маалымат такталарын бирдей типке келтирүү иш-аракети шаардын инфраструктарсын жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.