"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Адам мээсинин ишин жакшыртуучу азыктарды билесизби?

Чет элдик диетологдор адамдын мээсине пайдалуу 5 азыкты аташты. Алар Кыргызстандын базарларында кеңири сатылат, мындан улам ар бир кишиге жеткиликтүү.

Бадам
Адам унутчаак болуп баратса, жаңгак, фундук жардам берери айтылып жүрөт. Бирок бир күндө желген 10 даана бадам мээнин сергек иштешин камсыздайт.

Мейиз
Бир ууч мейиз баш мээнин саламаттыгын бекемдейт. Анын бат чарчашын алдын алып, эске тутуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Ананас
Организминде С витамини көп адамдардын IQ көрсөткүчү жогору, эс-тутуму жакшы болорун британиялык окумуштуулар далилдешкен. Саламаттыкка маанилүү С витамини ананаста көп. Мындан улам диетологдор жемиш мээге пайдалуу деген тыянакка келишкен.

Балык
Адистер балык этин ашкере колдонууну колдошпойт. Бирок жумасына үч жолу балык эти менен тамактануу мээнин иштешин үч эсе жогорулатары, чарчоосун жөнгө салары айтылууда.

Алма
Алманын бардык түрү пайдалуу экенин диетологдор баса белгилешет. Бул азык күндүзү гана эмес, түнкүсүн да мээнин жигердүү эс алуусун камсыздайт.