Ак халатчан дарыгерлер ар бирибиз үчүн – илгери үмүттүн жана боорукерликтин данакери. Дарыгерлер ар дайым жакшылыкка жол ачып, оору-сыркоодон сакаюуга шарт түзүп, өмүрдү ажалдан арачалап келишет. Ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдарга сактап калууга мээрман дарыгерлер көмөктөшүп, өмүрлөр уланууда.
Адам баласынын жашоо турмушунда ден соолуктан өткөн байлык жок. Учурда ден соолук улуттардын, мамлекеттин келечегинин жана коопсуздугунун олуттуу маселесине айланууда. Ардактуу кесиптин ээлери болгон ак халатчандарга чоң жоопкерчилик милдети тагылып, бүтүндөй улуттун саламаттыгын сактоо милдети жүктөлгөн.
Бул багытта медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасына эле эмес, Эл аралык деңгээлдеги белгилүү бет-жаак хирургу, Россиянын табигый илимдер академиясынын академиги, Россиянын инженердик академиясынын, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Абдыракман Ешиев чоң жоопкерчиликтүү иштерди аткарып келе жатат. КРнын саламаттык сактоосунун мыктысы, кыргыз медицинасынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Абдыракман Молдалиевич Бүткүл дүйнөлүк стоматологиялык федерациянын (FDI) академиги. Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы, КРнын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүндөгү медициналык-биологиялык көйгөйлөрүнүн илимий изилдөө институтунун Клиникалык лабораториясынын башчысы, Ош мамлекеттик университетинин хирургиялык стоматология кафедрасынын профессору, Ош облусунун бет-жаак боюнча башкы хирургу, Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын хирургиялык эксперттик кеңешинин мүчөсү.
Абдыракман агабыз үзүрлүү эмгек жолун 1985-жылы Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүндө врач-ординатор кесибин аркалап баштаган. Жаш дарыгер жогорку билимин өнүктүрүп, алдыга койгон арымдуу максаттарын жана иштиктүү пландарын кубаттуу энергия жана күчтүү энтузиазм менен жүзөгө ашыра баштайт. Мезгил агымы менен Абдыракман Ешиев Бет-жаак хирургиясы боюнча өзүнүн илимий мектебин түзүп, ал бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу болуп эсептелген жана КРнын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүндөгү медициналык-биологиялык көйгөйлөрүнүн илимий изилдөө институтунун кеңешинде бекитилген 17 илимий иштин жетекчиси (тогуз изденүүчү медицина илимдеринин кандидаты, бирөө медицина илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болушкан, төртөө алдын ала коргоодон өтүп, коргоо алдында турат), 392 илимий макаланын (Scopus-12, РИНЦ-174, Хирша-15), 18 монографиянын, 9 окуу-методикалык колдонмонун, 8 методикалык көрсөтмөнүн, 27 ойлоп табуунун, 35тен ашуун рационалдык сунуштардын патенттүү автору, 55 илимий макаласы чет өлкөлүк журналдарга англис тилинде чыккан (анын 548 ссылка жасалган). Ошондой эле 270 илимий макаласы Россиялык журналдарда жарыяланган.
Жан дүйнөсүндө көрөгөчтүк, жөнөкөйлүк, айкөлдүк деги эле идеалдуу инсанга мүнөздүү мыкты сапаттардын бардыгы бар Абдыракман Молдалиевич Ош шаарындагы Ош облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын базасында Эл аралык деңгээлдеги Ортодонтиялык борбор ачкан жана анда азыр жаактарды калыбына келтирүү боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги иштер жасалууда. Ал өзүнүн 40 жылдык клиникалык жана кафедралык ишмердүүлүгүндө бет-жаак хирургиясы боюнча 35 миңден ашык түрдүү татаалдыктагы операцияларды жасоо менен, 1000деген адистерге кесиптик билим жана тарбия берип келет.
Атак-даңкка умтулбаган жөнөкөй мүнөзү, материалдык байлыкка каниет-топук кылгандыгы тоодой бийик, көлдөй терең адамгерчилиги бөлөктөрдүн улуулугун көрө билген профессор Абдыракман Ешиевдин демилгеси менен 2003, 2005, 2007, 2009-жылдарда Кыргызстандын түштүгүндө кайрымдуулук операциялары уюштурулган. Анда Түштүк кореялык профессор Пектин катышуусунда баш-сөөк илдетинен ар түрдүү дарттар менен жабыркаган 650 бейтапка операция жасалган, 180 бейтапка консультация берилген.
Адамдын өмүрү сууга окшош, суу булактан башталат. Башы таптаза, аны бойлоп өзөнгө жетсе кир боло баштайт. Асылзаада адам өмүр жолунда кирдетпей, аны андан ары акактай-романтикалуу таза түрүндө жашап өтүп, дагы булактай кайталангыс рухий байлыктын канатына канат кошуп, аны өөрчүтө билгендер болот. Бул кайталангыс сапаттар Абдыракман мырзанын канына сиңип, ал 2010 жана 2024-жылдарда Түштүк Кореянын илим изилдөө ассоциациясынын жана Сеул шаарындагы Улуттук университеттин стоматологиялык госпиталынын профессору Бенг Му Со менен биргеликте бет-жаак (таңдай, эрин) бөлүгүндөгү тубаса жырыктар менен жабыркаган 130 бейтапка кайрымдуулук операциясын жасашкан.
Эл оозуна илинип, сый-урматка татып келаткан Абдыракман Ешиев 2005–2009-жылдарда Даниялык “Save The Childreen” (Спасите детей – Баланы корго) кайрымдуулук фонду менен активдүү кызматташып, анын натыйжасында үстүңкү эрини жана таңдайы тешик болгон жүздөгөн балдарга кайрымдуулук жардамын көрсөтүшкөн.
Карапайым калкына канатын кагып, жарыгын чачкан Абдыракман мырза 2015-жылы бет-жаак бөлүгү боюнча тубаса дартка чалдыккан бейтаптарга Түркиялык пластикалык хирургдар менен биргеликте кайрымдуулук операцияларын жасашкан.
Ал эми 2012-жылы AWD Германия фонду менен кызматташып, жалпы суммасы 130 миң еврого барабар болгон каражатка Ош облустар аралык бириккен ооруканасына керектүү хирургиялык шаймандар жана башка жабдуулар алып келинген.
Дагы да белгилей берсек, 2014-жылы Швейцариялык “Zuversichtfur Kinder» (Балдар үчүн ишеним) фонду менен кызматташуусунун натыйжасында Ош облустар аралык бириккен ооруканасынан 3 бөлмө 983 980 сомго заманбап деңгээлде ремонттон өткөрүлүп, 33 532 швейцариялык франкка стоматологиялык жабдуулар, 180 000 еврого ортодонтияга керектелүүчү каражаттар алынган. Ал эми 2016-жылы болсо 3 500 000 сомдук ортопантотомографиялык рентген аппаратурасы алынган.
Жалпысынан, А.Ешиевдин түздөн-түз аракетинин негизинде Ош облустар аралык бириккен ооруканага 55 млн 500 миң сомдук инвестиция тартылган.
Мындан тышкары, Абдыракман Ешиевдин тынымсыз аракетинин натыйжасында Бар-Илан университетинин (Израиль) профессору Зеев Залевский менен кызматташуусунун негизинде КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Медициналык көйгөйлөр институтунун директору Р.М.Тойчиев менен келишим түзүлүп, жыйынтыгында бул институтка 54 000 доллар каражатка Эксперименталдык лаборатория түзүлгөн.
Кыргыз медицинасына чоң салымын кошуп келаткан Абдыракман Молдалиевич күн тынымын билбеген, түн уйкусун алган зор эмгегинин акыбети кайтып, саламаттык сактоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Баткен согушунда бир нече жарандардын жана аскерлердин баш сөөгүнө, кекиртегине кадалган окту чеберчилик менен алгандыгы (1999, 2021) үчүн КРнын Коргоо министрлигинин «Ардак грамотасынын» ээси болгон.
Канчалык түйшүк тартып эмгектенсең, анын акыбети кайтпай койбойт эмеспи. Ешиев Абдыракман Молдалиевич медицина илиминин бүгүнкү күндөгү өнүгүшүнө жана практикалык медицинага кошкон салымдары боюнча КРнын УИАнын мүчө-корреспонденттерин тандоонун критерийлерине толук жооп берип колдоо тапканы чоң сыймыктуу иш болду.
***
Биз учурдан пайдаланып, заманыбыздын залкар инсаны Абдыракман Молдалиевич менен маек уюштуруп, кызыктуу жооп алууга жетиштик.
— Абдыракман Молдалиевич, “бет-жаак хирургиясы” деген эмне экендиги жөнүндө түшүнүк бере кетсеңиз жакшы болот эле…
— Бет-жаак хирургиясы бул – медицинанын бир түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Ал бет-жаак аймагынан жабыркаган бейтаптарга хирургиялык-квалификациялык жана адистештирилген стационардык жардам көрсөтүүгө багытталган. Бет-жаак хирургдун негизги милдети – бет-жаак бөлүгүндө ириңдүү ооруларга, тубаса жырыктар менен төрөлгөн балдарга, бет-жаак түзүлүшүнөн жаракат алган жарандарга, бет-жаак аймагында пайда болгон залалдуу шишиктерге жана башка ар түрдүү оорулар менен кайрылган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бет-жаак оорулары менен жабыркагандар көппү? Ал оорулуулардын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык?
— Кыргызстанда бет-жаак ооруларына кабылгандар көп, бирок эл арасында бул дарт анчейин этибарга алына бербейт. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында бир жылда 1200-1300дөн ашуун адамга бет-жаак оорусуна байланыштуу операция жасалат. Ушундай эле көлөмдө Улуттук госпиталда бет-жаак хирургиясында 1000ге жакын, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жана Жалал-Абаддын облустук бириккен ооруканасынын бет-жаак бөлүмүндө медициналык жардамдарды тынымсыз алышат. Эгерде бейтаптар өз убагында кайрылса, оорулуулардын толук айыгып кетүүсүнө мүмкүндүк болот.
— Биздин элибиз абдан сабырдуу, чыдамкай, кээде ит жандуу эл болот эмеспи. Сиздин тажрыйбаңызда кабыл алган пациенттериңиздин арасында сизди абдан таң калтырган же жүрөгүңүздү абдан ооруткан окуялар болгонбу?
— Бул сурооңуз дагы туура, кээ бир бейтаптар тиш оорусу кабылдап кеткенде дарыгерлерге кайрылбастан бүбү-бакшыларга, табыптарга барышат. Өз алдынча ар кандай элдик дарылануу менен алектенип жүрүшүп, оорусу өтүшүп кеткенде дарыгерлерге кайрылышат. Мындай бейтаптарды айыктыруу өтө кыйын, кээде дарттан сактап калуу кеч болуп калат. Менин 40 жылдык тажрыйбамда абдан таң калтырган учурлар көп кездешкен. 36 жашка чейин тубаса жырык менен (нышан) жашап келген бейтапты операция кылып, калыбына келтирдик. Ошондой эле дагы бир бейтапты жаш кезинде тубаса жырыгын калыбына келтирүү үчүн хирургдар операция жасашкан. Жашында жасалган операциясы жакпай калып, 53 жашында “неберелерим мазактап” жатат деп кайрадан операция жасатып, оңдотуп кеткен. Ушундай учурлар көп эле кездешет.
— Ден соолуктун ушул жаатында мамлекет жетекчилери гана чечип бере ала турган кандай көйгөйлөрүңүздөр бар?
— Мамлекет дары-дармек менен толук камсыздандырып жатат. Азыркы мезгилде жогорку технологиялардын саны, күчү өсүп жатканына байланыштуу мамлекеттик ооруканаларга жогорку технологиялык аппараттар менен кечикпей өз маалында камсыздап берилсе жакшы болмок. Биз социалдык долбоорлордун жардамы менен, кайрымдуулук фонддор менен тыгыз иштеп, ооруканабыздын базасында ортодонтиялык борбор түздүк. Өнөктөштөр менен тубаса жырык төрөлгөн балдардын тиштерин калыбына келтирүү (брекет системасын колдонуу менен) боюнча долбоор иштеп жатат. Ошондой эле өнөктөштөрдүн жардамы менен дарыгерлерибизди Германия, Швейцария, Кытай жана Түркия мамлекеттеринен окутуп келүүгө мүмкүнчүлүк болду.
— Адамдын бет-жаак бөлүгүндөгү шишиктер эмнеден пайда болот?
— Адамдын бет-жаак бөлүгүндө негизинен зыянсыз шишиктер көбүрөөк кездешет. Алардын пайда болуу себептери ар кандай. Жара болгондо өз убагында дарыланбагандыктан, дарыгерлерге кайрылбагандыктан алар зыяндуу шишиктерге өтүп кетет. Зыянсыз шишиктерди операциялык жол менен алып таштагандан кийин, ал толугу менен айыгат. Ал эми зыяндуу шишиктер операциядан кийин дагы дарыланууга муктаж. Тактап айтканда, химия терапия, нур менен кактоого туура келет.
— Ар бир адам бет-жаак ооруларынын алдын алып, сактануу үчүн эмне кылуу керек?
— Бет-жаак ооруларынын кабылдап кетүүсү бул негизинен бузулган тиштен пайда болот. Булардын алдын алуу үчүн өз убагында тиш доктурга кайрылып тиштерин дарылатып туруу зарыл. Андан кийин өздүк гигиенаны сактоо керек. Эгер ооз көңдөйүндө же болбосо бет-жаак бөлүгүндө жара пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан тез арада дарыгерге кайрылуу керек.
Биз операция жасап жаткан учурда операциянын ийгиликтүү бүтүшүнө, бет-жаак хирург болгондуктан эстетикалык калыбына келүүсүнө (тырыктын азыраак байкалышына) көңүл бурабыз.
Ооба, медицина тармагына өмүрүн арнап, сөз менен жеткире алгыс кадыр-барк топтоп, атак-даңкка ээ болгон Абдыракман Ешиев улутубуздун сыймыгы. Бул атак-даңк – түн уйкуну миң бөлгөн арбын эмгектин акыбети. Мындай ары оор, ары ардактуу иш эл ишеничи менен айкалышканда гана акыйкат жүзүн ачат. Баскан изи менен тарыхта из калтырып, бийик, таза иштери менен замандаштарына үлгү болуп, коомубуздун күзгүсү болгон инсаныбыз Ата Журтубуздун куту. “Ашуудан кийин ашуу бар” демекчи, Абдыракман агабыздын дагы далай дабандарды ашып, медицинада зор ийгиликтерди жаратып, баа жеткис эмгектери тарых беттеринен татыктуу орун алаарына ишенебиз. Абдыракман Молдалиевичке бекем ден соолук, бактылуу өмүр, зор ийгиликтерди каалайбыз!
Раиса Дүйшөнбекова