"Эркин-Тоо"
Аймактарда Жаңылыктар

Ош шаарында союз жылдарынан бери колдонулбай келген канал пайдаланууга берилди

Оштогу союз жылдарынан бери пайдаланылбай турган канал колдонууга берилди

Ош шаардык төрөт үйүнүн алдынан өткөн, союз мезгилинен тарта колдонулбай келген канал тазаланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аны менен катар шаар ичиндеги суу жетпей, толуп калган жана тосулган арыктар да тазалоодон өтүп, суу коё берилген. Аталган иштер Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде аткарылды.