Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россияда жүргөн мекендештерге кайрылуу жасады.
Анда белгиленгендей, Россияда ар кандай себептер менен миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу «кара тизмеге» түшүп калган кыргызстандык жарандар үчүн укуктук абалын жакшыртууга жана тизмеден чыгууга 2025-жылдын сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилди. Бул чечим Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун Россиянын Президенти Владимир Путинге жолдогон расмий катынан кийин кабыл алынган.
Министрдин айтымында, бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналат жана дагы узартылбайт. Бүгүнкү күндө кара тизмеде 70 миңге жакын кыргызстандык бар, бирок алардын ичинен болгону 3 миңге жакыны гана реестрден чыга алды.
Мекендештерге тез арада аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы Элчилигине жана консулдук мекемелерге кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу аракетин баштоо сунушталууда. Болбосо, сентябрь жакындаганда мекемелерде кезек көп болуп, үлгүрбөй калуу коркунучу бар. 1-сентябрга чейин документтерин мыйзамдаштырбаган жарандар Россиядан депортацияланат.
Мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү кадамдар керек:
– Аймактык миграция бөлүмүнө кайрылып, “кара тизмеге” түшүүнүн себебин тактоо;
– Дактилоскопия жана медициналык кароодон өтүү;
– Москвада жашагандар үчүн Сахарово миграциялык борборуна кайрылуу;
– Региондордогу жарандар РФ ИИМдин жергиликтүү бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл.
Мындан тышкары, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгондуктан эмгек келишим түзүү башкы талаптардын бири болуп саналат. Эмгек келишимдин негизинде миграциялык карта жана каттоонун мөөнөтү узартылып, жашаган дарек боюнча каттоо жүргүзүлөт. Документтерде кемчилик болсо, айыппул төлөнгөндөн кийин мыйзамдаштырылат.
Россия тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иш убактысын эки саатка узартты.
Тышкы иштер министрлиги жарандардан “дагы узартат” деген үмүттө убакыт кетирбей, мүмкүнчүлүктү азыр колдонуп калууну сурана тургандыгын билдирди.

