Бүгүн, 22-майда, Президент Садыр Жапаров Мажарстанга болгон иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.
Сапардын жүрүшүндө өлкө башчысы Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Тараптар ар кыл тармактар боюнча байланышты мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле мамлекет башчысы Будапешт шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун бейформал саммитине катышты. Жыйын Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында өттү. Саммит «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» аталышында уюштурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында көп тараптуу документтерге кол коюлду. Ошондой эле Уюмдун төрагасы катары мамлекет башчысы дүйнөлүк белгилүү окумуштуу Азиз Санжарга «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты тапшырды.
Мындан тышкары өлкө башчысы Будапешттеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имаратына барды. Бул имарат 2024-жылдын башында мамлекеттик менчикке алынган. Аны менен катар Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Мажарстандын мамлекеттик опера театрындагы концертке ардактуу конок катары катышты. Бул маданий иш-чара ТМУ саммитинин алкагында өттү.