"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Талас: Токойдун аймагы көрүстөн үчүн уруксатсыз тосулган

Талас облусунун Аманбаев айылындагы токойго тиешелүү аймактагы 2,5 га жер мыйзамсыз курчалганы аныкталды.

Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы жүргүзгөн текшерүү маалында токойдун аймагына уруксатсыз көрүстөн үчүн бетон мамылар орнотулуп, зым тор тартылганы белгилүү болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз колдонулган жерди бошотуу боюнча акт түзүлүп, жазма буйрук берилген.

Министрлик учурда жердин толугу менен бошотулгандыгын кабарлады.