Бишкектеги “Газпром” спорт комплексинде «One Run» эл аралык жарым марафону болуп өттү. Ага 20дан ашуун өлкөдөн 1000ден ашуун катышуучу чогулду.
Катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана жаш балдар арасында 1 км аралыкка чуркады.
Жеңүүчүлөр:
🔹 5 км (кыз-келиндер):
1-орун — Жаркынай Тойчубаева (00:20:55), 10 000 сом
2-орун — Айдана Бактыбек кызы (00:21:15), 6 000 сом
3-орун — Арууке Кушчубекова (00:22:57), 5 000 сом
🔹 5 км (эркектер):
1-орун — Арсен Токтосунов (00:16:17), 10 000 сом
2-орун — Руслан Минадиров (00:16:29), 6 000 сом
3-орун — Тимур Кенжеков (00:16:42), 5 000 сом
🔹 10 км (кыз-келиндер):
1-орун — Айым Өзгөрүшова (00:42:23), 12 000 сом
2-орун — Элиза Абдиева (00:44:02), 9 000 сом
3-орун — Айгүл Ашимова (00:44:32), 6 000 сом
🔹 10 км (эркектер):
1-орун — Нурбек Токтогул уулу (00:34:23), 12 000 сом
2-орун — Эламан Курманалиев (00:36:17), 9 000 сом
3-орун — Бактияр Ганиев (00:36:21), 6 000 сом
🔹 21 км (кыз-келиндер):
1-орун — Юлия Калюжная (01:38:42), 20 000 сом
2-орун — Полина Ражнова (01:46:32), 15 000 сом
3-орун — Дания Садыкова (01:48:31), 12 000 сом
🔹 21 км (эркектер):
1-орун — Аман Момуналиев (01:12:02), 20 000 сом
2-орун — Дастан Марат уулу (01:12:16), 15 000 сом
3-орун — Урмат Муратбеков (01:21:13), 12 000 сом
Марафон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги, Бишкек мэриясы, “Run the Silk Road” дирекциясы, Жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулду.

