Үстүбүздөгү жылдын 28-29-30-май күндөрү Ош шаарында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарын бириктирген «Жашыл аалам» эл аралык поэзия фестивалы өтөт.
Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жаш акындар катышат. Кыргызстандын атынан катыша турган акындардын арасында он калемгер, анын ичинде Мирлан Самыйкожо, Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, Бердибек Жамгырчиев, Ибрагим Айип уулу, Максат Жангазиев, Акбар Кубанычбеков, Садырбек Турдубек уулу, Гүлүмкан Исаева жана Айзат Кудайберди кызы бар.
Маданий иш-чара түрк элдеринин маданий байланыштарын чыңдоону, поэзия аркылуу тил жана руханий ынтымакты бекемдөөнү максат кылат. Ал ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Ош мамлекеттик университети, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзү, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги жана Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштурулат.

