Чүй облусундагы Көкөмерен дарыясына балык уулоого кетип, дайынсыз болгон 28 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранды издөө иштери уланууда. Бүгүн, 26-майда, издөө иштерине Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу жана 1 дрон, ошондой эле кошумча Жумгал районунан 8 куткаруучу жана 1 дрон тартылды.
Көкөмерен дарыясына балык уулоо үчүн кеткен жаран 4 күндөн бери дайынсыз болууда

