"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчанын ашканасынан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарындагы Новои көчөсүндө жайгашкан жеке менчик бала бакчанын ашканасынан өрт чыкты. 

Окуя 2025-жылдын 27-май күнү саат 11:48де катталып, шаардык №20 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн эки күжүрмөн эсеп тартылган. Куткаруучулар окуя болгон жерден 33 тарбиялануучуну жана 3 тарбиячыны коопсуз жерге эвакуациялашты. Ошондой эле ашканада болгон газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.

Өрттүн жалпы аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Учурда анын келип чыгуу себептери тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.