"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ошто мыкты окурмандар аныкталды

Ош облусунун Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу республикалык онлайн китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Ага белгилүү окумуштуу Сулайман Рысбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, жергиликтүү депутаттар, акын-жазуучулар, жогорку окуу жайдын өкүлдөрү жана китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү катышты.

Сынак түрдүү курактагыларды билимге жана китепке кызыктыруу, ошондой эле окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулду. Ал жазуучу Сулайман Рысбаевдин “Тагдырдын мугалими” повестинин негизинде өттү. Сынакка окуучулар, студенттер, мугалимдер жана ата-энелер катышуучу болду. Эң мыкты окурмандарга диплом жана баалуу белектер тапшырылды.