Бүгүн, 28-майда, Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда залкар акын Жолон Мамытовдун аты берилген аллеянын жана ага арналып коюлган эстеликтин ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, акындын жубайы Меңди Мамазаирова, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, ТҮРКСОЙ уюмунун ардактуу коноктору, шаар тургундары жана маркумдун жакындары катышты.
Акынга арналган эстелик анын 85 жылдык мааракесинин алкагында тургузулуп, акындын чыгармачылык мурасын түбөлүккө сактап калуу максатын көздөйт.