"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Келерки 5 жыл ичинде Арктика 3 эсе ылдам ысый башташы мүмкүн

Бириккен Улуттар Уюмунун аба ырайы боюнча агенттиги жарыялаган жаңы баяндамасында келерки беш жыл ичинде дүйнө жүзү боюнча абанын температурасы өтө жогору болушу мүмкүн. Айрыкча, Арктиканын ысышы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн үч эсе жогору болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун (ДМУ) изилдөөсүндө жакынкы беш жылдын ичинде рекорддук ысыктын болуу ыктымалдыгы 80%ды түзөт. Жылуулук даражасынын мындай өсүшү кооптуулук жаратып, катуу жаан-чачындарга, кургакчылыкка, муз катмарларынын эришине жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет.