"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Айыл чарба Жаңылыктар

Өзгөндө күрүчтү кайра иштетүүчү борбор курулат

МинКабдын Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарында Өзгөн районундагы “Жаңы-Доор ЛТД” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ишкана Прогресс айылында күрүчтү кайра иштетип, таңгактап жана экспортко чыгаруучу муниципалдык логистикалык борбор курууну баштоодо.

Бул максатта «CASA-1000» долбоору аркылуу 6 млн 800 миң сом бөлүнүп, заманбап жабдуулар алынган. Мындан тышкары дыйкандар үчүн техникалар — трактор, комбайн, экскаватор, ХОВО, портер жана дрондор сатылып алынат.