"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ысык-Көлдө 17 миң акылдуу эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда 17 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Облустун ичинен Жети-Өгүз РЭТине 4073, Балыкчы РЭТине 2914, Ак-Суу РЭТине 3464, Чолпон-Ата РЭТине 3426 жана Тоң РЭТине 3074 даана эсептегич коюлду.  Бул эсептегичтер көрсөткүчтөрдү реалдуу убакыт режиминде серверге жөнөтөт, электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт, сырткы кийлигишүү тууралуу автоматтык түрдө билдирет, карыз болгон учурда автоматтык түрдө өчүрүлүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра кошулат жана коррупциянын алдын алууга жардам берет.

Жалпысынан жыл аягына чейин облус боюнча 55 523 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган.