Канадада 2025-жылдын май айынын соңунда күч алган токой өрттөрү ири масштабдагы эвакуацияга жана абанын начарлашына алып келди. Өзгөчө Манитоба жана Саскачеван провинцияларында кырдаал оор бойдон калууда. Бул тууралуу Reuters cыяктуу эл аралык басылмалар кабарлашууда.
Манитобада 200 миң гектардан ашык токой аянты күйгөн. Флин-Флон шаарында 5 миңден ашуун тургун эвакуацияланып, шаар дээрлик толугу менен бошотулган. Жалпысынан эки провинция боюнча 17 миңден ашуун адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү.
Аба ырайынын кургак болушу жана катуу шамал өрттүн тез таралышына себеп болууда.

